Кыргыз Республикасында биринчи жолу зордук-зомбулуктун курмандыктары үчүн “Бирдиктүү терезе” тейлөө борбору ачылды.   Бул борбор бир чатырдын астында медициналык жардам, консультация, юридикалык жардам жана милициянын тергөө кызматтарын бириктирүү аркылуу зомбулукка дуушар болгон адамдарга чоң колдоо көрсөтөт. Тейлөө борбор АКШ менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) кызматташуусунун натыйжасында түзүлдү.  

Зордук-зомбулуктун курмандыктары көбүнчө негизги кызматтарды алууда кыйынчылыктарга, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана тергөөчүлөргө атайын даярдыгы жок жана коомдогу терс мамилеге туш болушат. «Бирдиктүү терезе» тейлөө борбору аман калгандардын укуктарын кеңейтүүгө, сот адилеттигине жетүүнү жакшыртууга жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө багытталган. 

Ачылыш аземинде АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лессли Вигери мындай деди: «Өнүгүп жаткан демократиялык жана жарандык коом күчтүү мамилелердин жана жамааттардын жиптери менен токулган жандуу туш кийиз сыяктуу. Гендердик зомбулук биздин коомду бириктирип турган байланыштарды алсыратып, бул туш кийизди бузууга коркунуч туудурат. 

"Бирдиктүү тейлөө борборунун түзүлүшү гендердик зомбулуктун курмандыктарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана аман калгандарга кам көрүү үчүн көбүрөөк жооп берүүчү жана инклюзивдик системаны түзүү боюнча биздин милдеттенмебизди чагылдырат. Негизги кызматтарды бир чатырдын астында бириктирүү менен, биз аман калгандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөп жатабыз. Сот адилеттигине жетүүгө, коопсуздук жана колдоо маданиятын тарбиялоого көмөктөшөт», - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Аппарат жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов.  

Бул борбор АКШ менен Кыргыз өкмөтүнүн гендердик зомбулукка каршы күрөшүү жана Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо боюнча өз ара максатына карай прогрессти көрсөтөт.