«Газпром Кыргызстан» компаниясы Свердлов районундагы Төкөлдөш калктуу конушун газдаштыруу боюнча долбоорду ийгиликтүү аяктады. Салтанаттуу аземге ордо калаанын вице-мэри жана компаниянын жетекчилиги катышты. Иш-чарада өткөн кышта борбордо кара түтүндүн дэңгээли олуттуу азайганы белгиленди.

Төкөлдөштүн тургундары ушул күндү көпкө күтүштү. Эми аларда жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгү пайда болду, бул алардын жашоо сапатын кыйла жакшыртат. Жергиликтүү тургундар ишенимдүү жана экологиялык энергия ресурсу үчүн «Газпром Кыргызстан» компаниясына ыраазычылыгын билдиришти.

Нурмухамед Юсупов, Төкөлдөш конушунун тургуну: «Мурда көмүр жакчубуз. Күнүнө үч-төрт чака. Эртең менен, түштө, кечкисин – жылуулукту сактап туруу үчүн үзгултүксүз от жагууга аргасыз болчубуз. Эми болсо баары таптакыр башкача. Газдын артыкчылыктары көп».

Долбоордун алкагында Төкөлдөш калктуу конушунда 10 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курулган. Газдаштыруу Кыргызстанды газдаштыруунун башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында жүзөгө ашырылууда.

«Бүгүн бизде жакшы жаңылык — Төкөлдөш конушу газдаштырылды. Өзүңүздөр көрүп тургандай, жергиликтүү тургундар абдан кубанычта. Газ – бул тиричилик шарттарын жакшыртуу, жана эң негизгиси – бул экология. Жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөндө, алар быйылкы кышта түтүн кыйла аз болгонун айтышты. Мындан тышкары, өткөн жылы муниципалитеттин 19 отканасы газга которулган. Бул дагы экологиянын жакшырышында оң ролду ойноп келет», - деп белгиледи өз сөзүндө Рамиз Алиев, Бишкек шаарынын вице-мэри.

2023-жылы Бишкек менен Чүй облусунун 12 калктуу конушунда 235 чакырым газ бөлүштүрүүчү тармак тартылган. Газды керектөөнүн көлөмүнүн өсүшү жана абоненттердин санынын көбөйүшү газдаштыруунун натыйжалуулугун тастыктайт. «Газпром Кыргызстан» компаниясы ишмердүүлүгүн баштагандан бери 270 миңден ашуун адам таза энергия булагына жеткилик алды.

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары: «Газпром Кыргызстан» өз ишмердигинде коопсуз жана туруктуу түрдө газды берүүгө гана эмес, ошондой эле жарандарга натыйжалуу газ инфратүзүмүн курууга умтулат. Шаарда түзүлгөн экологиялык кырдаалды эске алганда, ордо калаанын экологиясын жакшыртуу үчүн «Газпром Кыргызстан» Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте бардык калктуу конуштарды жана калаанын калган тилкелерин газдаштыруу боюнча пландуу жана ырааттуу ишин алып барууда», - деп белгиледи.

«Газпром Кыргызстан» калкты экологиялык таза отун менен камсыздап, абанын булганышына каршы күрөшкө олуттуу салымын кошууда. Тогуз жылда компания республиканын 53 калктуу конушун газдаштыруу үчүн жалпы узундугу 1250 чакырымга созулган газ бөлүштүрүүчү тармактарын курган.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан турак үйлөрдү газдаштырууга жеңилдетилген насыялоо

Эми «РСК Банк» жана «Айыл Банк» берген жеңилдетилген насыялардын жардамы менен үйдү газдаштырса болот. Мамлекеттик банктар жылдык 8%га насыяларды берүүгө даяр, бул газдаштыруу процессин тургундар үчүн дагы да жеткиликтүү жана пайдалуу кылат.

Үйдү газдаштыруу боюнча кызматты жеңилдетилген насыялоо жөнүндө кененирээк маалымат төмөнкү байланыш борборлорунда жеткиликтүү экенин «Газпром Кыргызстан» белгилейт:

  • РСК Банк: Байланыш борбору – 9111, сайт
  • Айыл Банк: Байланыш борбору – 5511, сайт