Таласта 24-майда эки баласы менен аял киши колдуу болгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 24-майда түнкү саат 00:37де 102ге Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында киши өлтүрүү болгону тууралуу кабар келген. 

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 1997-жылы төрөлгөн М.Ж.нын, анын төрт жаштагы кызынын жана эки жарым жаштагы уулунун сөөгүн табышкан. Милиция "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 

Кылмыш жасоого 1997-жылы төрөлгөн К.Н. шектелген. Ал кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн өлтүрүлгөн. Ал тоого качып жашынууга аракет кылган.

Подозреваемым оказался К.Н., 1976 года рождения. При задержании он оказал сопротивление, и он был ликвидирован. Мужчина пытался скрыться в горах.