Жаза аткаруу кызматы Бишкектин тергөө абагында (ТИЗО-1) камакта отурган акын жана активист Аскат Жетигенге бул мекемеде күч колдонуу болбогонун 23-майда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө:

“Маектешүү учурунда айыпталуучу Жетиген уулу Аскат ТИЗО-1де кармалып турган мезгилде ага карата күч колдонуу жана кыйноо чаралары колдонулбагандыгы жөнүндө оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берди. Анын жеке коопсуздугу жана ден соолугу боюнча кооптонуулары жок. Ошондой эле камактагыларга жана ТИЗО-1дин кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин билдирди”, - деп айтылды.