Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ар бир жогорку окуу жайларына барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын айтты. 

"Биз барган жерибизде мындай окуя башка кайталанбайт деп жатабыз. Чет өлкөлүк студенттер бизге абдан чоң каражат алып келүүдө, окуу жагын дагы өнүктүрүп жатышат. Биздин медициналык билим берүү жаатыбыз СССР убагынан баштап эң күчтүү. Ошондуктан Кыргызстанда учурда медицина адистерин даярдаган 27 жогорку окуу жайы бар. Анда басымдуусу Пакистан менен Индиянын, андан башка да өлкөлөрдөн болуп жалпысынан 17 өлкөдөн келген студенттер билим алышат. Аттестация кылганда алар жакшы бааларды алышууда", - деген министр болуп өткөн окуя тийиштүү кызматтар тарабынан териштирилип, уюштуруучулар аныкталып, тартипке келтирилсе, кайра эле Кыргызстандын медициналык билим берүүсүнүн баркы өсөөрүн белгиледи.