Мавлян Аскарбеков чет өлкөдөн келип Кыргызстанда билим алып жаткан студенттерди инвесторлор катары кароо керек дейт. 

"Чет өлкөлүк студенттерди тартуу - Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азиядагы уникалдуу бизнес. Мен бул боюнча изилдөө жүргүзгөм, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, ал турмак Кытай дагы бул бизнести биздикиндей ийгиликтүү жүргүзө албай жатат. Ошондуктан аны баарыбыз коргошубуз керек. Анткени акыркы статистикага караганда, чет өлкөлүк студенттер Кумтөр берген салыкты берип жатат. Андан сырткары мультипликативдик эффект деген бар, ошол студенттер келип бул жакта жашайт, ашканага кирет, кийим сатып алат дегендей, кыргызстандыктарга акчасын таштап жатышат. Алар биздин инвесторлор. Индияданбы же Пакистандан келеби, ар бири жылына жанына кеминде 10 миң доллар алып келет. 3-4 миңин окуусуна, жатаканасына төлөшөт. Ошону эл туура түшүнүп кабыл алуусу керек", - деди Аскарбеков.