Маданият министринин орун басары Марат Тагаев 18-майга караган түнү болгон окуя бардык кыргызстандыктарга сабак болушу керек деп эсептейт.
"18-майда биздин айрым кызыл кандуу тентек балдар окуянын чын-бышыгын билбестен, эмнеден башталганын аныктабастан айрым провокациялык маалыматтарга ишенип, жаңылыштыкка барып алышты. Андан улам ошол окуя келип чыкты. Эми болоор иш болду. Мындан ары андан баарыбыз сабак алышыбыз керек. Өзгөчө кыргыз улутундагы балдар. Анткени Кыргызстан - көп улуттуу өлкө. Баарыбыз ынтымакта жашоого тийишпиз", - деди Тагаев.
Эске салсак, 17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолгон.