18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуя көпчүлүктүн талкуусунда. Журналист Эсенбай Нурушев ушундай окуяга жол берген тийиштүү кызматтагылар жазасын алышы керек деп эсептейт. 

"Бизде тартип, мыйзамды көзөмөлдөгөн бир катар органдар бар эмеспи, ошол эле миграция кызматы, ИИМ ж.б. Алар так ушул кызматтары үчүн айлык алышат. Ошолор ар кандай окуялар болуп кетүүсүнүн алдын алып, тартипти көзөмөлдөшү керек болчу да. Өлкөбүзгө кимдер келбесин, түшүндүрүп, бизде тартип мындай, мыйзам мындай, аны бузсаңар жоопкерчиликке тартыласыңар деш керек. Эгерде Европанын өлкөлөрүндө мындай окуя орун алса, тийиштүү министрликтердин жетекчилери бошотушун күтүп отурбай эле, өздөрү арыз жазып кызматтан кетишмек.

Албетте, жаңжалга катышкан жаштардын аракети уят. Бирок алардын күчүн тескери нукка бурууну көздөгөндөр бардыгын дагы жокко чыгарууга болбойт", - деди Нурушев. 

Эске салсак, 17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү текшерүүгө алууну талап кылышкан.