Пакистан, Индиядан келип Бишкекте билим алып жаткан студенттерге жана миграцияда жүргөн жарандарга каршы болгон окуя дагы деле коомдук талкуудан түшө элек. Кыргызстандыктардын бир даары жабыркады делген чет өлкөлүк студенттерге жардам көрсөтүп жатса, экинчи бөлүгү алардын мыйзамсыз өлкөдө жүрүүсүн туура эмес деп жатышат. 

Мурдагы премьер-министр, коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов 17-майдан 18-майга караган түндө болгон окуяны жөн жерден чыга калган жок деп эсептейт. 

"Мени таң калтырганы - пакистандыктарда, индустарда ал жерде телефону болбосо, анда провокациялык, соцтармактарга фейк аккаунттар жүктөгөн видеолор кайдан чыкты? Андай видеолорду бизден, кыргызстандыктардан башка эч ким жүктөгөн жок. Ушул нерседен колдонуп калалы, Орто Азиядагы стабилдүү өсүп келаткан Кыргызстанды чайпалтууга болгон дагы бир мүмкүнчүлүктү кармап калалы деген тышкы күчтөр барбы деген ой кетпей жатат. Ошондуктан, муну да караш керек.

Экинчиден, кыргыз элинин көтөрүмдүүлүгү, ынтымагы абдан жогору. Аны биз көрсөтүп келатабыз. Акыркы жылдарды инвестиция тартылып, айлык, пенсия көтөрүлүп, студенттерге мүмкүнчүлүк түзүлүп баштады. Бирок коррупцияга, кримдүйнөсүнө болгон күрөштөн улам мамлекет ичинде нааразычылыктар пайда болду. Ошол нерсени кайсы бир тарап пайдаланып кетүүгө шар турат. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда тартип катаал, кыймылдай алышпайт. Ошондуктан бизден башташып, чоң нерсеге түрткү кылууга провокациялык оюн бар десем жаңылышпайм. Эмнеге заматта 1000 киши чогулуп калат? Кыязы, фейк-аккаунттар менен ошолордун баарын бириктирген соцтармак бар. Анын баары соттун негизинде акыйкат тергелип, күнөөлүүлөр аныкталышы керек деп ойлойм", - деди Матубраимов.