КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү жана деструктивдүү саясий күчтөр тарабынан өлкө аймагында региондор аралык негизде кырдаалды туруксуздаштыруу, андан кийин  бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчыл видео тасма даярдалганы тууралуу маалымат келип  түшкөн. 

Аталган видеону уюштурууга жана даярдоого катышкан бардык адамдар аныкталып, учурда алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"КР УКМК рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга, ошондой эле массалык башаламандыктарды уюштурууга жана аларга катышууга багытталган аракеттер үчүн  15 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет", - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.