Бүгүн, 21-майда Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. 

Имараттын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты. 

Анда милиция кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн. 

Белгилей кетсек, Талас шаарында жайгашкан бул имараттын курулуш иши 40 жыл мурда башталган. Ал көп жыл кароосуз калып, таштанды жайына айланып келген.