Октябрь районунда баңгизат саткан  интернет-дүкөндөрдүн жарнамасына каршы активдүү күрөш жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен  баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу, баңгизаттар рыногун жоюу  жана жаштар арасында баңгизаттарга суроо-талапты азайтуунун натыйжалуу жолдорун издөө мамлекеттин актуалдуу милдети болуп саналат.

Акимчиликтин, МАБдын жана РИИБнын кызматкерлери тарабынан мектептердин аймактарында рейддер жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө баңгизат саткан интернет-дүкөндөрдүн 100дөн ашык жарнамалары өчүрүлдү.

Эскерте кетсек, мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.