Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунун Талас районунун Ак-Калпак айылындагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майды (дизель отуну) мыйзамсыз сактоо жана ташуу фактысын аныкташты.
Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан жалпы көлөмү 9500 тоннага жакын дизелдик отун майы табылды.
Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз жүгү бар транспорт каражаты айып короо жайына токтотулду.
Салык кызматы республиканын аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоо активдүү иштерин улантууда.