«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «Сельский» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландап жатканын мэриядан билдиришти. 

Анда белгиленгендей, аталган иштердин алкагында 2024-жылдын 22-майында саат 9:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: “Тунгуч” кичирайону, “Рухий Мурас” жана “44 га” конуштары.

Урматтуу шаар тургундары! “Бишкексууканал” МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат, дейт Бишкек мэрия.