Бишкекте сот кызматкерлери үчүн 81 батирлүү 9 кабат турак үйдүн курулушу бүткөрүлгөнүн  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Анда айтылгандай, турак үй Юдахин көчөсү - 64 дарегинде жайгашкан.

Ал 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен салына баштаган.

Бирок 2019-2022-жылдары акча бөлүнбөй, курулуш иши токтоп турган.

2023-жылдан баштап Мамлекеттик ипотекалык компаниясы курулуш иштерине каржылоо жүргүзгөн.