18-майда жааган жаандын кесепетинен Ош шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Анын кесепетинен Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Алай-1, Алай-2 конуштарында жайгашкан турак үйлөрдүн короолоруна сел кирген.

Ошондой эле, Геолог шаарчасындагы Достук кичи районунда 2, Чкалов көчөсүндө 1 үйдүн жертөлөсүн каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ош шаардык башкармалыгынан 58 куткаруучу тартылды. Кесепеттерин жоюу боюнча кошумча маалымат берилет.