УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын жоюу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы майнинг-фермалардын (криптовалютаны өндүрүү) мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык  жабдуу аныкталып, алынды.

Аталган майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын бардык көлөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкка берүү пландалууда.