"Тынчтык" саясий партиясынын лидери Чынара Мамажакыпова Алай районунун тургундарына арнап иш чара өткөрүүнү ниеттенүүдө. Бул тууралуу аталган райондун тургундарына жолдонгон кайрылууда айтылат. 

"Урматтуу Алай районунун тургундары!

 Ардактуу мугалимдер жана  1986-жылкы 2004-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлѳр! 

Сиздерди 2024-жылдын 24-май күнү 17:00дѳ  Алай районунун Гүлчѳ айылындагы Ырайымберди  Жаманкулов атындагы Маданият үйүндѳ ѳтүүчү концерттик иш чарага чакырабыз! Концертке Алай администрациясынын жетекчилиги, уюштуруу тобу жана кыргыз элине белгилүү эстрада ырчылары Самара Каримова, Бактияр Токторов, Байыш Момунов, Канат Үсѳнбаев, Роза Арзиева, Гүлдана жана Гүлира Нарбаевалар катышат. Мындан сырткары  иш чаранын алкагында Алай районунун мугалимдер жааматына арналган 10 кишилик Умрага сапар жолдомосу ыйгарылат. 

«Алай ынтымагы» коомдук бирикмеси тарабынан жана ак эмгеги менен элдин эсинде калган Ырайымберди Жаманкулов агабыздын уулу Сыргак Ырайымбердиевичтин жеке демилгеси менен жарык кѳргѳн «Дүбүрт» аттуу 33 автордон турган «Аль манах» китебинин бет ачаары болот. Келип жан дүйнѳ азыгын алып эс алып кетиңиздер!" - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш чаранын уюштуруучусу жана демѳѳрчүсү - Алайдын сыймыктуу, нукура кызы, коомдук ишмер, "Алай Ынтымак"коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири, "Тынчтык" саясий партиясынын лидери  Чынара Мамажакыпова.