Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу шаарында район жетекчилери жана активисттери менен жолугушту. 

Ал УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине коомчулукту кайдыгер болбоого чакырды. 

"Биздин кызматкерлердин арасынан да 8 кызматкер жоопко тартылып жатат. Коррупцияга берилип кетишкен, посттордон акча жыйнайт, ишкерлерден акча жыйнайт, коркутушат-үркүтүшөт. Силер коркпогула, УКМК кызматкерлери мыйзамсыз аракеттерге барса, мага чыккыла. Биз аларга укукту берип жатабызбы, ага жараша жоопкерчилигин да сурайбыз. Булар чектөөсүз укукта эмес, каалаганын кыла беришпейт. Андай болбойт. Буларга да мыйзам бар. Бузса, жооп беришет. Ошондуктан унчукпай отура бербегиле", - деди Ташиев. 

Ошондой эле сөз соңунда УКМК төрагасы жолугушууга келгендерден сөз арасында катуу айтып алган болсо, кечирим сурады. 

"Катуу айтып алсам кечирип койгула. Менин жумушум ушундай: унчукпай келип, жумшак сүйлөшүп кете берсем, иш алдыга жылбайт. Кээ бирлер ойлойт, вертолетко чыгып алып эле ойноп жүрөт деп. Бирок андай эмес. Мына, кечээтен бери тамактана элекмин. Анткени иш көп, бара турган жерлер көп", - деди Ташиев.