Мындан ары Кыргызстанда мурдагыдай тааныш-билиш, алыш-бериш менен маселе чечилбейт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу шаарында район жетекчилери жана активисттери менен жолугушууда билдирди. 

"Эгерде тааныш-билиш менен маселе чечкендер билинип калса, жоопко тартабыз. Мен жоопко тартабыз деп силерди коркутайын деген ниетим жок. Бул деген мыйзамдын аткарылышы. Мыйзам бузган адамды мыйзам негизинде эч нерсеге карабай жоопко тартабыз. Мамлекетке ушинтип гана тартип орното алабыз, ошондо гана өнүгөбүз, өсөбүз, өсүп келаткан балдарыбыздын келечегин аныктайбыз.

Убакыт келет, бир жылбы, эки жылды, беш же он жылбы, биз да кызматтан кетебиз. Бирок ар бирибиз иштеп жаткан маалда тартип орнотуп, мамлекетте мыйзам иштей тургандай кылышыбыз керек. Биз иштен кеткенден кийин тааныштарыбыз сактайт дебегиле, иштен кеткенден кийин мыйзам сактагыдай болсун. Мыйзам чегинде иштесең, эч нерседен коркпойсуң. Биз азыр эмнеге мыйзам бузгандарды коркпостон жоопко тартып, жакшы иштегендерди сыйлап жатабыз. Себеби, эч кандай мыйзам бузбаганыбызга ишенебиз. Жегич-ичкичтерди төлөтүп жатабыз. Мурда айткам, дагы кайталайм: бүгүнкү күндө УКМК тарабынан мамлекеттик казынага 120 миллиард сомдун тегерегинде акча кайтарылды", - деди Камчыбек Ташиев.