2024-жылдын 25-апрель күнү Ноокен РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан “Ноокен районунун аймагына “М” аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу куралдарды өзү жашап жүргөн үйдө сактап жүрөт” деген маалымат алынган.
Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле күнү ал маалымат боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө тапшырмалары берилген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында шектүү Ноокен районунун тургуну 1967-ж.т. М.А. экендиги такталып, 2024-жылдын 7-май күнү Ноокен райондук тергөө судьясы тарабынан жашаган дарегине тинтүүгө уруксат берилген.
2024-жылдын 10-май күнү Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүнүн дарегине тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада 5.6 калиберлүү сайлуу ТОЗ-99 үлгүсүндөгү куралы 37-даана огу менен (анын ичинен 5 даанасы магазинге салынуу болгон), Вепрь 7,62 үлгүсүндөгү 1 даана сайлуу курал 7 даана огу магазинге салынып куралга тагылган абалда, ИЖ-28Е жана ИЖ-18 үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралдар, ошондой эле ок жасоого керектүү шаймандар табылып алынып, алынган далил-буюмдарга карата тиешелүү экспертиза дайындалган.
Учурда бул кылмыш ишинин алкагында алынган курал-жарактардын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлуп жатат.