Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 16-майда Кара-Суу шаарында болуп, район жетекчилери жана активдүү жарандар менен жолугушту.
"Раимбек Матраимов биринчи жолу кармалганда мамлекетке келтирген зыянды толуктоо иретинде 2 миллиард, 200 миллион сом төлөп берип, эркиндикке чыккан. Биз ага талап койгонбуз - мындан ары криминалдык иштерге аралашпайсың, бажыга жарым кадам да жакындабайсың, бандиттер менен аралашпайсың, мамлекетти тонобойсуң. Мен өзүм ушул талаптарды айткам. Макул болуп кеткен. Анан эмне болду... Жарым жыл өтпөй жатып кайрадан башташты, бажыга "отурушту", бажыдагы кадрлары менен биргеликте кайрадан уурдап башташты. Мурдагыдан да көп уурдап башташты. Бандиттер менен достошту. Мурдагы "мыйзамдагы ууру" Көлбаев менен кошулуп алып, ишкерлерди коркутуп, акча алышты.
Ошондо биз чара көрүүгө аргасыз болдук. Дагы бир жолу талап коюп, ишкерлерди коркутпагыла, акча албагыла деп айттык. Угушкан жок. Бир туугандары менен Бакуга качып кетишти. Жыйынтыгында кармалышты, төрт бир тууганды чогуу кармадык. Агасы кызматынан кетти. Матраимов менен бажыда чогуу болуп, бирге бизнес жасагандарды кетирдик, парламенттен тазаладык. Мамлекеттик органдарды да тазалап жатабыз, бирок дагы деле андайлар бар", - деди Камчыбек Ташиев.