Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы, Кыргыз Футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев, Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионун азыркы абалын көрүп чыкты.

Эскилиги жетип, талкаланып калган бул стадионду толугу менен Эл аралык талаптарга жооп берген стадион кылып кайра жаңылоо тапшырмасын койду.

Иштин жүрүшүн жана каржылык маселелерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте өз көзөмөлүнө алып, чечээрин белгиледи.

Камчыбек Ташиев, өлкөдөгү стадиондорду жаңылоо жана куруу иштери мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылып жатканын айтты.

Жергиликтүү активдер менен, мекеме ишканалардын жетекчилерине сүйлөп жатып, жемкорлукка жол бербөө, өз милдеттерин так аткаруу зарылдыгын эскертип өттү.

Ошондой эле, Өзбекстандагы Кыргызстандын Барак эксклавынан көчүрүлгөн жарандар үчүн курулуп жаткан Жаңы Барак айылынын куруу иштеринин учурдагы абалы менен таанышты. Курулуш иштеринин пландарын көрүп чыгып, тийиштүү тапшырмалар коюлду.

Белгией кетсек, аталган стадионду куруу иштери жакынкы мезгилде башталары күтүлүүдө.