Кенелер ойгонгон мезгил келди. Буга байланыштуу ооруларды алдын алуу департаменти жана Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл органы жарандарды этият болууга чакырат. Маалыматка караганда, кене коркунучу ушуну менен суук түшкөнгө чейин уланат.
Кене эмнеси менен коркунучтуу?
Кене энцефалити менен. Бул курч кармаган инфекциялык вирустук оору борбордук нерв системасын жабыркатышы мүмкүн. Оорунун кесепети: таза кандуу айыгуудан баштап майыптыкка же өлүмгө жеткириши мүмкүн.
Оорунун негизги белгилери
Инкубациялык убагы (жуктуруп алгандан биринчи белгилер башталганга чейин) көбүнчө 7-14 күнгө созулат, кээде бир күндөн 60 күнгө чейин.
Кене энцефалитинде адам өзүн алсыз, начар сезип баштайт. Болжол менен бир жумадан кийин бул белгилер жок болуп кетиши мүмкүн, бирок андан соң экинчи фаза келет: баш катуу ооруп, дене табы көтөрүлөт.
Дарт курч түрдө башталат, титиретет, башты катуу оорутат, дене табын 39-39 градуска чейин көтөрөт, көңүл айлантат, кустурат. Бейтапты булчуңдардын, көбүнчө ийин жана моюн, көкүрөк туш жана далы тараптын оорушу кыйнайт.
“Оорунун белгилери байкалаары менен өз убагында медициналык жардамга кайрылуу керек”, - дейт дарыгерлер.
Кене вирустук энцефалитке кимдер кабылат?
Бардык адамдар жашына жана жынысына карабастан кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Токойдо көп убак болгондорго (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жолдорун жана темир жолдорун, мунай жана газ түтүктөрүн куруучулар, электр өткөргүчтөрү, топографтар, мергенчилер, туристтер) коркунуч жогору. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, токой парктарында, огород участокторунда жуктуруп алышат.
Табиятта кене чаккандан кантип сактануу керек?
Табиятта сейилдөөдө жабык, ачык түстөгү кийимдер талап кылынат. Анын астынан кене сойлоп кетпеши үчүн шымдын багалегин өтүктүн ичине, байпактарга киргизип коюу керек. Кийимдин үстүнкү бөлүгүн (көйнөк, пиджак) шымга шымдап, а жеңин мүмкүн болушунча денеге жабышып тургандай кылуу зарыл. Баш жана моюн жоолук менен жабылышы керек.
Ошондой эле кенеден коргонуу үчүн дененин ачык калган бөлүктөрүнө аэрозоль чачып же мазь, крем менен шыбап коюу туура.
Табиятта жүргөндө ар жарым саат сайын кийимдериңизди жана денеңизди карап, кене бар-жогун байкап туруңуз.
Үйгө келгенден кийин бардык кийимди чечип, денени текшерип, эс алууга алып барып келген жууркан болобу, баштыкпы, баарын кагып, күнгө жайып салыңыз.
Кененин көп жайгаша турган жерлери – кулактын арты, көкүрөк, колтук, бут, ич жана далынын ылдый тарабы.