Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев жаш балдарга болгон мамилени оңдоого чакырды.
"Акыркы учурда жаш балдар аралашкан абдан көп негатив маалыматтарды окуп жатабыз. Үч жаштагы кыз сабалды, Нарын дарыясына жаш бала чөгүп кетти. Эки жаштагы Егорду сабаган адамды сот үй камагына чыгарып салды. Биз балдарга болгон мамилебизди өзгөртүшүбүз керек. Мамлекеттин эң башкы байлыгы жана келечеги - бул биздин балдарыбыз. Тилекке каршы, азыр аларга байланышкан абдан көп окуялар болуп жатат", - деди депутат.
Ошондой эле ал ар кандай иш чараларга балдарды декорация катары колдонууну токтотуу керектигин белгилеп, жаш балдарды катыштырган иш чараларды видеого тартып жарыялап турууну керектигин айтты.
"Андайларды ачыкка чыгарыш керек. Суута да балдарга гүл карматып көчөгө чыгарып коюшат. Жайкы ысыкта да ошол. Мындай иш чараларда эси ооп жыгылган балдар дагы болгон. Министрлер Кабинети балдардын укугун коргоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүшү керек. Алар менен иштешкен соцкызматкерлер, психологдор жетишпейт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, аутизм, Даун синдрому бар 36 миң балдар бар, аларга болгон мамилебизди оңдошубуз керек", - деди Акаев.