Депутат Улукбек Ормонов Кыргызстанда гендердик теңчилик толук кандуу жолго коюла элек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Ал өлкөнүн аймактарында жетекчи кызматтарда айымдар жоктугун белгиледи. 

"Мен атайын кызыгып маалымат алдым. Чүй облусунун төрт районунда жетекчи айымдар жок, жада калса орун басарлардын арасында да аялдар жок. Ош облусунун жети районунун бешөөсүндө жетекчи кызматтарда аялдарга орун берилбеген. Бул ал райондордо гендердик теңчиликке көңүл бурулбай турганын билдирет", - деди. 

Ошондой эле ал Өзгөн райондук айылдык кеңшинин аял-депутаттары менен жолугушканын, алар аялдарга карата зомбулук маселесин Жогорку Кеңешке алып чыгууну суранышканын кошумчалады.