«Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери, КР МУККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, 2024-жылдын 12-майында Достук алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайынын аймагында Өзбекстан Республикасынын жараны К.Н.Х. башкаруусундагы «LABO LB2» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Унаанын салонуна бажылык тыкыр кароо жүргүзүү учурунда жалпы салмагы 469 кг түзгөн «дары-дармек» товары үчүн транспорттук коштомо кагаз табылган. Бирок жүк сактагычтан эч кандай товар табылган эмес.
Унаанын айдоочусунун айтымында, жүктүн ээлери бажы көзөмөлүнүн аймагына чейин жүктү түшүрүшкөн. Жогоруда аталган 1340 таңгактагы, жалпы салмагы 427 кг түзгөн дары-дармектер кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чыга турган аймагынан табылган жана алынган.
КР Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн баалоосуна ылайык, кармалган товардын жалпы баасы 72 025 000 (жетимиш эки миллион жыйырма беш миң) сомду түзгөн.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.