УКМК  кыргызстандык И.Сирожидиновдун өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу социалдык тармактарга тараган видео кайрылуусу боюнча билдирүү таратты.

"Колдо болгон маалыматтарга караганда, И.Сирожидинов мал уурдоого шектелип, КР ИИМ тарабынан кармалган. Ошол эле учурда ага каршы мыйзамсыз аракеттерге Мамкомитеттин кызматкерлеринин катыштыгы бар экендиги тууралуу видео кайрылууда айтылган аргументтер чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.