2023-жылы кыргыз бийлиги өлкө аймагына 200 мектеп курууну пландаштырган. Жыл соңунда план ашыгы менен аткарылып, 211 мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. 

Ал эми быйыл, 2024-жылы планга 204 мектеп куруу киргизилген. Жакында эле бир күндө 9 мектептин жаңы имаратынын ачылышы жасалды. 

Ошентип, акыркы эки жылда эле 400дөн ашуун мектеп жаңыланып, жаңыдан курулуп, билим уясына айланды. 

Кыргызстандын акыркы эки жылдагы ийгилиги билим берүү жаатындагы жаңылыктар менен эле чектелбейт. 

- кыргыз армиясы заманбап техникалар, курал-жарактар менен камсыздалды. "Акынжы", "Байрактар", "Аксунгур" учкучсуз учуусу аппараттар алынып келинди. 

- Транспорт министрлигине 300дөн ашуун жаңы техника;

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 700 заманбап техника;

- Бишкек жана Ош шаарлары жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 1500дөн ашуун жаңы автобустар менен камсыздалды. 

Мындан тышкары, аймактардагы абамайдандар жаңыланып, ички аба каттамдары жандандыруу кадамдары жасалууда. Маанилүүлүгү жогору ГЭСтерди курууну мамлекет өзүнө алды. Балыкчы-Кочкор темир жолу курулду. Автоунаа чыгаруучу завод ишке кирүү алдында турат. Буга чейин бир катар завод-фабрикалар пайдаланууга берилгени маалым. Улуттук банкта Кумтөрдөн казылган 54 тонна алтын сакталууда экени ири алтын кени өлкөгө өткөнүнүн шарапаты эмеспи. 

Мына, ушундай ийгиликтердин коштоосунда Кыргызстан буга чейин алынган сырткы карыздын эң көп пайыз төлөмүн төлөө мезгилинде жашап жатат. 

Булардын баары президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинин алдында, тартип, мыйзам жаатын Камчыбек Ташиевдин, экономика блогун Акылбек Жапаровдун көзөмөлдөөсүнүн жыйынтыгы.