4-майда Кыргызстандын 1966-жылы туулган жараны, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Б.З.Т. Түркиянын аймагында кармалып, депортацияланды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жаран 2015-жылдын ноябрында Сирия Араб Республикасында "Жабхат-Ан-Нусра" эл аралык террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышкан.
Аталган Б.З.Т. соттун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.