Кыргызстанда катталып жаткан жол кырсыктарынын 92 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кырсыктар төмөнкү фактылар менен коштолууда:

-каттуу ылдамдыкта айдоо;
-карама-каршы тилкелерге чыгуу;
-алдыдагы унаадан ашып өтүүдө, озуп өтүүдө же маневр жасоодо коопсуздук эрежелерин толук сактабоо;
-мас абалында унаа башкаруу;
-кууш, тар жерлерде айдоочулар бири-бирине жол бошотуп бербөө;
-унаа башкаруу учурунда уктап калуу.

ЖКККББ айдоочуларды өзүнүн жана өзгөлөрдүн коопсуздугу үчүн жолдо жүрүүдө эрежелерди сактоого чакырат.