Бишкек шаарында "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тирөөч мамыларды уруксатсыз жарнамалардан тазалап жатышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаада тазалыкты жана тартипти сактоо алкагында төмөнкү даректер боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

- Жибек-Жолу проспектиси боюнча Батыш автобекеттен Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектиси боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.

"Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону жана жарнама буклеттерин жана кулактандырууларды таяныч мамыларга жайгаштырбоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.