Кечээ, 6- майда, Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары - Камчыбек Ташиев, Абдусалом Азизов жана Саймумин Ятимов жолугушту.
Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жараянын тездетүү чаралары белгиленди.
Ошондой эле сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерлер боюнча макулдашууларды даярдоо жана кол коюу маселесинде өкмөттөр аралык комиссия мүчөлөрүнө тапшырма берилди.
Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн аймактагы коопсуздук маселеси - терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, маңзат соодасы, аткезчилик өңдүү мыйзамсыздыктарга чогуу күрөшүү түзгөнү белгиленди.