Буга чейин, "каралар" өздөрүн "сууда сүзгөн балыктай" эркин алып жүрдү.

А түгүл мыйзам алы келбей калган учурда, "каралар" кийлигишип, маселени чечип берүүсү жашоо нормасына айланып калган.

Шайлоодо "каралар" партиялардын тизмесине кирип, айрымдары жергиликтүү кеңештердин депутаты болууга да үлгүргөн.

Аттуу -баштуу эле саясатчылар, аларды добуш алуунун бир ыкмасы катары колдонуп келгени, ачуу чындык.

Бир кезде, "кримдүйнөнүн" " тизгини тартылат" десе, эч ким ишенмек эмес. Бирок, бүгүн бул турмуш чындыгына айланып отурат.

УКМК тарабынан коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө алар мыйзамсыз ээлеп алган бир нече кыймылсыз мүлктөр мамлекеттин карамагына өткөн.

Бүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан төмөндөгү кыймылсыз мүлктөр сатыкка коюлду:

- Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан "Эгиз мунаралар;

- Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводунун мүлк комплекси;

- Чолпон-Ата шаарындагы "Ак-Марал" эс алуу борборунун акциясы;

-Чолпон-Ата шаарындагы "Зодиак" эс алуу борбору;

- Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан "Ай-Пери" бизнес-борбору;

- "Бишкек жүк ташуу автотранспорт ишканасы" ЖАКтын акциялары "Баткен комфорт" базары жайгашкан 2.9 га. жер участогу менен кошо;

- Ош шаарындагы бир нече туракжай эмес имараттар.

Өзүңүздөр байкагандай, бул ири кыймылсыз мүлктөр бир кезде мамлекеттин карамагында болуп, бирок ар кайсы бийликтердин тушунда чоң кызматтагы чиновниктер же кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү тарабынан аларга мыйзамсыз же ит бекер өтүп кеткен. Ошол эле учурда базарга же башка тейлөө кызматына айланып, алардын чөнтөгүн (мамлекетке эмес) ай сайын миллиондогон кирешелерди түшүрүп турган. Эми аукцион аркылуу сатылса, мамлекетке ири суммада киреше алып келмекчи жана ал бюджеттик кызматкерлерди маянасына, жөлөкпул же башка керектөөлөргө жумшалат.

Бакай Абдымалик, журналист