Сузактагы балдар катышкан кырсыкта жабыркагандыктан Бишкекке алынып келинген 10 баланын абалы жакшырып баштаганын борбор калаадагы №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов “Region” телеканалына билдирген.
Акылбек Маманов жаагы жана баш сөөгү сынып, операция жасалган төрт баланы учурда жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которуу пландалганын белгилеген.
Айтымында, буту сынган бир баланын буту шишип кеткендиктен операция жасоо убактысы жылдырылган, жакын арада жасалат. Ал эми ооруканадагы башка балдардын абалы турукташып калды.
Ошондой эле аларды карап жаткан ата-энелер үчүн да атайын шарттар түзүлүп берилген жана керектүү дары-дармектер менен камсыз болгон.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда 9 бала дарылануудан өтүүдө, алардын абалдары дагы жакшы.
Сузак районунда Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынак учурунда токтоп турган унаа ордунан жылып кетип, балдарды тебелеп кеткен. Натыйжада 9 жаштан 16 жашка чейинки 34 бала жабыркап, 18и ооруканага жаткырылган.