Кыргызстанда бүгүн, 6-майда 11 жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Анда айтылгандай, Ош шаарында жаңы курулуп бүткөн Исхак Раззаков атындагы 720 орундуу мектеп-гимназиясы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылды.

Ал эми калган 10 мектептин ачылышына президент онлайн катышты. Алар: 

1. Бишкек шаарынын Нижняя Ала-Арча айыл аймагындагы 375 орундуу кошумча корпусту;

2. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы 500 орундуу мектеби;

3. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектеби;

4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шапак айылындагы 150 орундуу мектеби;

5. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылындагы 225 орундуу мектеби;

6. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы 450 орундуу мектеби;

7. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылындагы 150 орундуу мектеби;

8. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №7 120 орундуу бала бакчасы;

9. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №12 120 орундуу бала бакчасы;

10. Ош облусунун Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылындагы 225 орундуу мектеби.