УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдарды көрүү үчүн Жалал-Абад шаарындагы ооруканага барды.
Ал саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү министри Доктургүл Кендирбаева менен бирге балдар жаткан ар бир палатага кирип, акыбалдары менен таанышты.
Камчыбек Ташиев дарыгерлердин консилиумунан кийин дарылануусун борбор калаадан улантуу керек болгон балдарды ата-энелери менен кошо атайын учак менен алып кетээрин билдирди.
Ал оор абалдагы балдарды Бишкекке алып кетүү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы экенин кошумчалады.