УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Укук коргоо органдары тарабынан туруктуу негизде баңгизаттарынын таркатылышынын алдын алуу багытында ыкчам иш аракеттер көрүлүп келет.
Тилекке каршы, акыркы убакта өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө түнкү клубдардан маң заттары (көбүнчө синтетикалык кошулмалар) алынып, ал туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалып келет.
Жаштарыбыздын саламаттыгына кам көрүү багытында иштерди дагы да күчөтүү максатында түнкү клубдарды иштеткендерге, алардын ээлерине да эскертүү!
Баңгизаттарынын кайсыл түрү болбосун клубдарга кирүүсүнө, ал жакта таркатылып, сатылуусуна жол бербегиле!
Эгерде ошондой учурлар катталса мыйзам чегинде жоопко тартыласыздар.
Клубду иштеткендер дагы, анын кожоюндары дагы", - деди Ташиев.