Сузак районунда балдардын Манас айтуу боюнча кароо-сынагындагы кырсык боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "уюштуруучулук иштеринде шалаакылыкка орун берилгенин" белгиледи. 

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев учурда Жалал-Абад жергесинде жүрөт. 

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2-май күнү Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүндө манасчыларды топтоп Манас айттыруу учурунда кырсык болгон. Бул кырсыкты УКМК, ИИМ, прокуратура биргеликте иликтеп чыктык. Айрым ММКлар жазып жатышкандай, мында террордук же кылмышка байланыштуу далилдер аныкталган жок. Бул негизинен коопсуздук сакталбаган шалаакылык болуп эсептелинет.

Мен бир нерсеге басым жасагым келет, уюштуруу иштеринде көп кемчиликтер кеткен. Балдардын коопсуздугун сактоо маселеси боюнча мүчүлүштүктөргө жол берилген. Коопсуздук маселесинде майда-барат деген нерсе болбойт, ар бир нерсени дыкат караш керек болчу. Мисалы, автоунааларды адамдар жүргөн жерге киргизбеш керек, жаш балдар арасына чоочун адамдарды кошпош керек. Ушундай майда нерселер чоң кайгыга айланды", - деди Камчыбек Ташиев. 

Ошондой эле, ал так ушул коопсуздук маселесинен улам жакында болгон Орозо Айт намазын Бишкектеги башкы аянтка окутууга жол берилбегенин белгиледи. 

"Коопсуздук маселесин мындан ары да катуу караш керек. Аны бузган район, облус жетекчилери, кимиси болбосун сөзсүз иликтеп жоопко тартабыз. Урматтуу президентибиз жеке тапшырмасын берип, "ушул ишти иликтеп кел", - деп мени жөнөттү. Иш сапарында болчумун, түнү менен бул жакка учуп келдим. Президентибиздин тапшырмасы менен оор жараат алган балдардын ар бирине президенттин фондунан 200 миң сом берилди. Жеңил жараат алгандарга 50 миң сомдон. Андан тышкары жергиликтүү бийлик тарабынан алардын тамак-ашы, дарылануусу каралып жатат. Эми дарыгерлер консилиум өткөрүшөт, эгерде Бишкекке алып кете турган жабырлануучулар болсо, президенттин тапшырмасы менен учак алып келебиз дагы, балдарды ата-энелери менен кошо алып кетебиз", - деди УКМК төрагасы. 

Ал жабыркаган балдардан кабар алганын айтты. 

"Көрүп чыктым, акыбалдары жакшы деп айтыш кыйын. 8-9-10-11-12 жаштагы балдар экен, мындай балдардын чекеси чийилип кетсе да жүрөгүбүз ооруйт эмеспи, баарыбыздын жүрөгүбүз ооруп жатат. Кудай сактап дагы чоң кырсык болгон жок, жаракат менен гана токтоп калсак экен деп тиленип жатабыз", - деди. 

Ал эми окуучуларды ар кандай массалык иш чараларга тартуу боюнча жеке пикирин билдирген Камчыбек Ташиев: "Бардык жерде облус, райондордо окуучуларды иш чараларга тартып жатышат. Бул туура эмес. Мурда Манасты бир-эки адам айтат эле, миңдеген адамдар укчу. Азыр миңдеген адам айтат, эч ким укпайт. Ушул маселени жолго коюш керек. Анан райондор өз ара мелдешип, ким канча адам топтойт, ким канчалык чоң кылып өткөрөт дегендей атаандаштык болуп кеткен. Бул демек, жергиликтүү бийлик органдарынын, иш чаранын уюштуруучуларынын шалаакылыгы. Бул үчүн жоопкерчилик болушу керек", - деди.