Ош облусунун аймагында милиция кызматкерлери 2024-жылдын 2-май күнүнөн 10-май күнүнө чейин “Өспүрүм-түн” аталышында ыкчам алдын алуу рейдтик иш-чарасын өткөрүшүүдө.
Анда кызматкерлер саат 22:00 дөн кийин коомдук жайларда, дүкөндөрдө, компьютердик клубдарда, эс алуучу жайларда көзөмөлсүз, коомдук адеп-ахлакка туура келбеген терс көрүнүштөрдү жасап жүргөн, анын ичинде мектеп жашында окубай калган балдарды аныктап, укук бузуулардын жана кокустуктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүшөт. Ал эми алардын ата-энелерине, же болбосо аларды алмаштырган адамдарга карата мыйзамдуу чараларды колдонушат.
Аны менен катар май айындагы майрамдарга карата уюштурулган салтанаттарда комдук тартипти бузбоо, жаратылыш койнунда эс алууну каалагандарга ар кандай кокустуктарга кабылып калуудан сактануу, жаш өспүрүмдөргө ата-энелер тарабынан көзөмөлдү күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык жактан коргоо кызматтары жана аймактык билим берүү тармагынын кызматкерлери катышууда.
2-май күнү болгон бир күндүк рейд учурунда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74 жана 102- беренелеринин негизинде өспүрүмдөрдүн ата-энелерине Алай районунда-5, Араван районунда 2, Кара-Суу районунда-12 жана Өзгөн районунда 6 протоколдор түзүлүп, 25 000 (жыйырма беш миң) сом айып салынды.
Рейдтик иш-чара 2024-жылдын 10-майына чейин уланат.