Жалал-Абаддын Сузак районунда болгон Манас айтуучулардын республикалык кароо сынагында окуучуларды унаа сүзүп кеткен кырсыктан жабыркагандардын саны 34кө жеткени саламаттыкты сактоо министринин маалыматынан улам белгилүү болду.
Алымкадыр Бейшеналиев жабыркагандардын төртөө Сузак райондук ооруканасында экенин, алардын мээси чайкалганын, бирөөсүнүн сөөктөрү сынганын билдирген.
Ал эми төрт жабырлануучу Октябрь жалпы дарыгердик практика борборунда, 11 жабырлануучу Жалал-Абаддагы балдар клиникалык ооруканасында жана бири чоңдор облустук ооруканасында дарыланып жатат.
"Беш бала жандандыруу бөлүмүндө, эки балага кечээ операция жасалды. Алардын боор, көк боору жарылып кеткен. Абалы оор болгон үчөөнүн абалы туруктуу деп бааланууда.
Бүгүн дагы бир жаш балага операция жасалат. Нейрохирургдар, травматологдор, хирургдар келип, консилиумдарды өткөрүп жатабыз, дары — дармектер жетиштүү", - деген Бейшеналиев.
Болуп өткөн кырсык ИИМ жана УКМК жетекчилеринин жеке көзөмөлүнө алынганы белгилүү болгон.