2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында окуучулар кырсыкка кабылышты. Анда Манас айтуу боюнча республикалык сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа окуучуларды тебелеп кеткен.

ИИМ кырсыкты жараткан айдоочу камакка алынганын билдирди. 

ИИМ министринин орун басары Октябрь Урмамбетов окуяны жеринен көзөмөлдөө үчүн аймакка жөнөп кетти. 

Бул кырсыкты иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганы кабарланды.

Эске салсак, 2-май, саат 19:30га карата Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган окуядан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 32ге жеткенин кабарлаган.