УКМК Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.

Аталган ишкананын кызматкерлери битум жеткирүүнү ишке ашырган чарба жүргүзүүчү субъект менен тил табышып, аталган материалды жогорулатылган баада сатып алышкан. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 12 млн.сомдон ашык зыян келтирилген.

"Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекасфальтсервис" МИнин кызмат адамдары 2024- жылдын июнь айында "П" ЖЧКсы менен келишим түзүшүп, бардык коммерциялык сунуштардын ичинен битумду жеткирүүгө эң жогорку бааны, тагыраагы 1 тоннага– 46 миң сом, ал эми 1 миң тоннага  46 млн.сом деп жарыялашкан. Ал эми ушул сыяктуу үлгүдөгү битумдун орточо базар  наркы 1 тоннасы, бажы алымы жок– 31 071,72 сомдун тегереги, ал эми бажы алымы менен 33 138,81 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "П" ЖЧКсы ушул күнгө чейин  "Бишкекасфальтсервис" МИге 1000,63 тоннадан ашык көлөмдө, 45 млн.928 миң 917 сом суммасында битум жеткирген.

Дайындалган соттук-бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгында битумду жогорулатылган баада сатып алуудан келтирилген зыян 12 млн.769 миң сомду түздү.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Ш.У.Т. жана «П» ЖЧКсынын директору А.А.А., КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү жана 210-берененин 4-бөлүгү менен кармалып, КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди. 

Белгилей кетсек, учурда жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын жолдорун жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү капиталдык оңдоп-түзөө иштерин сапатсыз жана өз убагында жүргүзбөгөн подрядчиктерге карата тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.