2024-жылдын 1-майынан 5-майына чейин «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын филиалдарынын бардык калкты тейлөө борборлору майрамдык жана жарыяланган дем алыш күндөрүнө байланыштуу иштебейт.

Өлкөнүн бардык аймактарындагы калкты тейлөө борборлору штаттык режимде 2024-жылдын 6-майынан тартып саат 8:00дөн 17:00гө чейин, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Түшкү тыныгуу — саат 12:00дөн 13:00гө чейин

Белгилей кетсек, 9-майда дагы КТБлар иштебейт, 10-11-майда иш штаттык режимде улантылат.

"Абоненттерден ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн өз төлөмдөрүн алдын ала пландаштырууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

КТБ кызматтарынын көбүн үйдөн чыкпастан эле, аралыктан «Газпром Кыргызстан» онлайн сервистери аркылуу алса болот:

● Акысыз мобилдик тиркеме GAZPROM.KG;

«Газпром Кыргызстан» расмий сайты.

Ар бир айдын 15инен 30уна чейин көрсөтмөлөрдү төмөнкү ресурстар аркылуу берип туруу эң ыңгайлуу:

● 0701 68 07 07 WhatsApp номери боюнча;

● @gazpromkg_bot Telegram чат-боту аркылуу;

● 4444 кыска номери аркылуу. Мобилдик телефондон чалуу акысыз;

● 4444 номерине СМС аркылуу. Баасы – 1 сом;

● Balance.kg, О! Деньги, MegaPay жана Mbank мобилдик капчыктары аркылуу.