26-апрелде Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү. Ага мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин өкүлдөрү, Ноокен районунун акими, өндүрүштүк мекеменин жетекчилиги, директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана акционерлер катышты. Маалым болгондой, чогулуштун жүрүшүндө башкармалыктын төрагасынын өткөн жыл ичи аткарган жумуштарынын өтчёту кабыл алынып, 2024-жылга карата бюджет, иш пландар бекитилди.

«Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын башчысы Нургазы Нишановдун айтымында өткөн 2023-жылдын жыйынтыгы менен мунай өндүрүү 184 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылга коюлган пландан 9 миң тоннага көп аткарылган.

Ал эми газ өндүрүүдө план 109 % аткарылган. Тактап айтканда 2023-жылы 25 млн м3 табигый газ өндүрүү пландалса, иш жүзүндө 27,4 млн м3 газ өндүрүлгөнүн белгилеп өттү.

Tazabek