26-апрелде Чүй облустук соту Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновду эки айга камакка алды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Умар Молдобеков билдирди. Маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы да ырастады.

Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясы Акжолтой Тукуновду 17-апрелде кармаган. Чүй облустук милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылганын, шектүү Фейсбукта коомчулукту массалык башаламандыкка чакырып, чагымчыл маанайдагы материалдарды таркатып жатканы аныкталганын билдирген.

Аламүдүн райондук соту 19-апрелде аны эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотуп, анын кармалышын мыйзамсыз жана негизсиз деп тапкан.

Аламүдүн райондук прокуратурасы соттун бул токтомуна каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз берип, Акжолтой Тукуновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу боюнча өтүнүч берген.

Акжолтой Тукунов 2022-2023-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.