Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мас абалында унаа башкаруу коомго коркунуч алып келээрин  эскертет!

Жыл башынан тартып өлкө аймагында 3 754 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталып, алардын ичинен  65 айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, 117 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы 2 жаран көз жумган.

Андыктан урматтуу айдоочулар мас абалында унаа башкаруу бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылаарын эскертип, баарыңыздарды мас абалыңыздарда унаа башкарбооңуздарды өтүнөбүз.

ЖКККББнын басма сөз кызматы