Бишкекте «Газпром Кыргызстан» кубогуна кызыктуу футболдук турнир өттү, мелдеш компаниянын 10 жылдык мааракесине арналган. Турнирге Кыргызстандын жана коңшу Казакстандын мамлекеттик ведомстволорунун, отун-энергетикалык компанияларынын мыкты 12 командасы катышты.
Уюштурулган футбол майрамын «Газпром Кыргызстандын» башкы директору Болот Абилдаев ачып берди. Ал өз сөзүндө мамлекеттин футболду өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосунун маанилүүлүгүн белгилей кетти.
Болот Абилдаев, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору: “Газпром Кыргызстан мектебинин” стадионунда бүгүн ири спорттук футболдук майрам. Бул турнир “Газпром Кыргызстан” компаниясынын 10 жылдык мааракесине арналып, өткөрүлүүдө.
Футбол бүгүнкү күндө өлкөдөгү спорттун башкы түрлөрүнүн бири болууда. Жакында эле Кыргыз Республикасынын Президентинин футболду өнүктүрүүгө кошумча көмөк көрсөтүү жөнүндө Жарлыгы чыккан. Мына ушул мамлекеттик саясаттын алкагында футбол чындыгында экинчи дем алып, кайрадан өнүгүү жолуна түштү. Ошондуктан өлкөбүздө алдыда футболдун келечеги кең. Биз дагы мунай-газ тармагынын кызматкерлери бул демилгеге катышуудабыз».
«Газпром Кыргызстан» кубогуна футбол боюнча мелдеш эки күнгө созулган, анда бардык оюндарда улуттук категориядагы калыс Тимур Кулалиев, ФИФА рефериси Чынгыз Мустафаев жана футьбол боюнча калыс Дастан Макешов калыстык кылышкан.
Күйөрмандар оюнчуларды активдүү колдоп, кубаттандырып, акырына чейин күрөшүүгө түрткү берип турду. Үчүнчү орунга болгон матчта «Газпромнефть-Казакстан» жана «Газпром Кыргызстан» командаларынын оюну тең эсеп менен аяктады. Бирок чечүүчү пенальтиде үчүнчү орунга «Газпромнефть-Казакстан» командасы чыкты.
Финалдык беттештер көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзгөчө бурду. Энергетика министрлиги менен «Газпромнефть-Азия» командаларынын ортосундагы беттеште атаандаштык дагы да интенсивдүү болду. Айыгышкан күрөштүн натыйжасында «Газпромнефть-Азия» командасы татыктуу жеңишке жетти, ал эми мамлекеттик мекеменин футболчулары экинчи орунду ээлешти.
Константин Бухмиллер, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин командасынын дарбазачысы: «Турнир эң сонун, жогорку деңгээлде уюштурулган. Бизге баары жакты. Уюштуруучуларга айрыкча рахматыбызды айтабыз. Келечекте дагы катышабыз».
Эркин Жуматаев, Энергетика министрлигинин командасынын капитаны: «Бул турнирге катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн “Газпромго” чоң рахмат. Биз мелдешке жакшы даярдандык. Биринчи жолу катышуу биз үчүн чыныгы чакырык болду, бирок бүтүндөй команданын тырышчаактыгы жана аракети менен экинчи орунду ээлей алдык. Финалдык беттеш жакшы өттү жана жеңүүчү команда чындыгында мыкты деген наамга ээ болду деп ишенем».
Азиз Абдылдаев, «Газпромнефть-Азия» командасынын капитаны: «“Газпромнефть-Азиянын” бардык кызматкерлерин татыктуу жеңиш менен куттуктайм! Бул жеңиш оңой болгон жок жана бүтүндөй курама командабыздын талыкпаган эмгегинин аркасында гана мүмкүн болду. Атаандаштар өздөрүн күчтүү көрсөтүштү. Ар бирибиз акырына чейин аракеттендик, ийгилигибиз – биримдиктин жана командалык иштин натыйжасы».