Касымалы Баялинов атындагы жаштар жана балдар китепканасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жаңы лифттин ачылыш аземи өттү. Бул лифт мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн китепкананын ресурстарын жана программаларын тоскоолдуксуз колдонуусун камсыздайт. Бул долбоор үчүн АКШнын Мамлекеттик Департаменти тарабынан 2 миллион сом грант катары бөлүнүп, ал Кыргызстандагы АКШ элчилиги, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Баялинов китепканасынын жетекчилигинин ортосундагы тыгыз кызматташтыктын негизинде ишке ашырылды.

Мындай лифт Кыргызстандагы коомдук мекемеде алгачкы жолу орнотулуп, бул көрүнүш АКШ жана Кыргыз өкмөттөрүнүн инклюзивдүүлүккө жана жеткиликтүүлүккө болгон биргелешкен милдеттенмесинин белгиси катары саналат. Лифт «Камкор» инклюзивдик билим берүү борбору аркылуу көтөрүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга китепканада сунушталган түрдүү ресурстар жана программаларга өз алдынча катышуусуна мүмкүндүк берет. Аталган программаларга АКШ элчилиги тарабынан каржыланган Мейкер Спейс борборундагы STEM программалары жана Америка Бурчундагы англис тил үйрөнүү клубдары кирет.

"Биз бардык меймандарга билим берүү ресурстарына, программаларга жана STEM чеберчилик бөлмөлөрүнө эркин кирүүнү камсыз кылуу менен тоскоолдуктарды жоюп, жаңы мүмкүнчүлүктөргө эшик ачып жатабыз", - деди АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери.

"Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин атынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине, элчи Лесли Вигери мырзага мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоо шарттарын жакшыртуу, билим алуу жана маалыматка жетүү көйгөйлөрүн чечүү ишине көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз.", - деп Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова кошумчалады.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бул лифттин ишке кириши АКШ менен Кыргызстандын коомду инклюзивдүү кылууга багытталган акыркы аракеттеринин бири.