Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Талапкерлер акын Кожогелди Кулуев, экс-министр, жазуучу Каныбек Иманалиев, Жедигер Саалаев, акын Атантай Акбаров болгон.
Башкармалыктын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкерлер Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Кулуевге 2-турда кайрадан добуш берилип, жыйынтыгында 70 добуш менен Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды. Эми алдыда жазуучулар союзунун президиуму шайланат.
Каныбек Иманалиев буга чейин билим берүү жана илим министри болгон. Ал ушул жылдын сентябрь айында тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулган.